akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    08.07.2024, 05:27

    2024- жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан чет өлкөгө эт жеткирүү 99,8% кыскарган, башкача айтканда, дээрлик токтогон. Төрт айда Кыргызстан Азербайжанга 100 килограмм гана кой этин экспорттогон.

    Эске салсак, 2023-жылдын ушул эле мезгилинде Азербайжан Кыргызстандан кой этин сатып алган эмес. Тескерисинче, былтыр Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстандын негизги импорттоочусу болгон.

    2023-жылдын январь-апрель айларында БАЭ Кыргызстандан 69,7 тонна, Кувейт 1,2 тонна кой этин сатып алган (быйыл сатып алган эмес). Андан сырткары БАЭге майда партия, 500 килограмм, Өзбекстанга дагы 100 килограмм уй эти жөнөтүлгөн.

    2023-жылы эт экспорту өлкөгө 530,2 миң доллар алып келген.

    “Эт экспорттоо кабыл алуучу тараптан көз каранды. Ал импорттоого уруксат берет жана жеткирүүлөрдүн көлөмүн аныктайт. Кээ бирөөлөр үчүн баадан көз каранды, логистиканы эске алганда биздин эт кымбат, ошондуктан баш тартуулар да болуп жатат”, - деди "Акчабарга" Ветеринардык кызмат.

    Мекеме май-июнь айларында (маалымат статистикага киргизилген эмес, кийинчерээк жарыяланат) Кыргызстан Иранга кой этин көп жеткиргенин билдирди. Жалпы көлөмү 60 тонна этти түздү.

    “Мындан тышкары, бүгүн биз Кытайга термикалык иштетилген уй этин жеткирүү маселесин талкуулап жатабыз. Жылдын аягына чейин Кытайдын Ветеринардык кызматы менен тиешелүү протоколго кол коюуну күтүп жатабыз. Азыр бул маселе биздин мамлекеттердин ветеринардык кызматтарынын ортосунда иштелип жатат”, - деп билдиришти.

    Ветеринардык кызматтан билдиришкендей, Кыргызстанда шарп ылаңы боюнча маселе толук чечиле элек. Маселен, Казакстанда 2011-жылдын октябрынан тарта айыл чарба малдарынын шарп оорусуна чектөөлөр киргизилген, ошондуктан биздин республиканын аймагынан уй, кой жана чочко этин Казакстанга ташууга тыюу салынган.

    “Акыркы эки жылдын ичинде биз жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча дүйнөлүк уюмда (МЭБ) шарп оорусу боюнча позициябызды бир топ жакшырттык. Бирок биз МЭБден “шарп оорусу жок аймак” макамын ала элекпиз. Биз арыз бердик жана быйыл кабыл алынат деп күтүп жатабыз”, - деп жыйынтыктады Ветеринардык кызмат.


    Читать похожее

    • 22.08.2024, 02:15:27
    • 07.07.2024, 23:27:44
    • 11.06.2024, 22:35:26
    • 07.05.2024, 21:35:59