Опубликовано
26.02.2024, 04:30“АгроКуш”, “Евразия канаттуулар фабрикасы” сыяктуу ири канаттуулар фабрикалары жана “Оазис Агро” тоют өндүрүүчүлөрү Кыргызстанда кооперативдерди түзүү зарылдыгын билдиришти.
Мунун себебин алар Кыргызстанда чийки заттын жетишсиздиги жана көңүл бурулбай жаткандыгы менен байланыштырды.
“Эгерде дыйкандар бир кооперативге бириксе, мисалы, бир дыйкан тоют, экинчиси керектүү сырье чыгарса, биз ири компаниялар катары алардан сатып алмакпыз. Бул бардык катышуучулар үчүн пайдалуу болуп, ошого жараша экономика дагы жакшы өнүкмөк”, - дейт Агро-Куш ишканасынын жетекчиси Мырзабек Орумбаев.