Опубликовано
20.06.2024, 09:55Кыргызстандыктар онлайн юридикалык жардам ала алышат.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, мындай формат жарандар үчүн үйдөн чыкпастан эле квалификациялуу жана ар кандай юридикалык маселелер боюнча түшүндүрмө алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Консультациялар 20-июндан 16-августка чейин күн сайын мекеменин социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу берилет.
"Бүгүн, 20-июнда саат 15:00дө Юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук агартуу башкармалыгынын начальниги А.Камаева түз эфирге чыгат. Мунун аркасында адамдар укук жаатындагы билимин кеңейтип, кызыктырган суроолоруна жооп алып, укуктук сабаттуулугун арттыра алышат", - деп айтылат маалыматта.