Опубликовано
04.06.2024, 04:02Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары жана векселдериндеги ички карызы 3-июнга карата 151 млрд 294 млн 760 миң 600 сомду түздү.
Ички карыз 31-майга салыштырмалуу 385 млн 79 миң 800 сомго көбөйгөн. Көбөйүү жүгүртүү мөөнөтү 3 жыл болгон казына милдеттенмелерин жайгаштыруунун эсебинен болду.
31-майда Каржы министрлиги тарабынан 385 млн сом тартылса, 3-июнда кошумча жайгаштыруу аркылуу дагы 79 миң 800 сом тартылды, кирешелүүлүгү 15,7% болду.