Опубликовано
25.03.2021, 04:15Алдын ала берилген маалымат боюнча тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылдын январь айында 352.4 млн долларды түзүп, 2002-жылдын январь айына салыштырмалуу 27.5% төмөндөгөн. Бул тууралуу экономика жана финансы министрлигинин сайтында маалымдалат.
[news 30277]
Белгилей кетсек, импорт 32.1% төмөндөп, үстүбүздөгү жылдын январь айына карата 254.9 млн долларды түзгөн.
Тышкы соода жүгүртүүдө экспорттун үлүшү 97.5 млн долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1.5% төмөн.
Кошумчалай кетсек, импорттун көлөмү экспорттон 157.4 млн долларга жогору болгон.