akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    12.08.2024, 06:30

    2024-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 7,6 млрд долларды түзүп, 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 9,4%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

    Анын айтымында, ошол эле учурда экспорттук берүүлөр 3,2%га кыскарса, импорттук түшүүлөр, тескерисинче, 12,4%га өскөн.

    2024-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2,0 млрд долларды түзүп, 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 9,3%га азайган.

    “Бул мезгилде өлкөнүн өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусия (71,6%) жана Казакстан (26,5%) менен болгон”, - деди ал.