Опубликовано
30.06.2020, 07:15Бюджетти колдоо үчүн эл аралык донорлордон 408.1 млн доллар келери күтүлүүдө. Бул тууралуу республиканын каржы министрлиги маалымдады.
[news 25637]
Бул COVID-19 менен күрөшүүдөгү келип түшкөн донордук жардамдан 7.3 эсе көп.
Эскерте кетсек, эл аралык валюталар фондунан 31-мартта которулган алгачкы транш бүгүнкү күндө толугу менен колдонулуп бүткөнү маалымдалган.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанга жардам катары убадаланган каражаттын 71.33% келип түшкөн. Анын ичинен Азия өнүктүрүү банкынан дагы которулган акча бар.