akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: УКМК тараткан сүрөт

    Опубликовано

    03.07.2024, 07:15

    Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн учурда Бангладеш Республикасынын 11 жаранын кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

    Маалыматка ылайык, 8-июнда Бангладештин жарандары Өзбекстанга иштөө максатында келишкен, бирок жумуш таппай, белгиленген мамлекеттик чек ара бекеттерин айланып өтүү менен Кыргызстандын аймагына өтүүнү чечкен. Бангладештин жарандары менен биргеликте мыйзамсыз миграциялык канал уюштурган Кыргызстандын Н.А.И. аттуу жараны кармалды.

    Учурда мыйзамсыз миграциялык каналды уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


    Читать похожее