Опубликовано
29.12.2023, 05:30Кыргызстанга вакцина сактоо үчүн 11 муздаткыч камера жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жабдуулардын жалпы баасы 35 миллион сомдон ашат. Каражатты эл аралык уюмдардын бири бөлүп берген.
Муздаткыч камералар Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарына орнотулат.