akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Минкабдын басма сөз кызматы

    Опубликовано

    20.08.2024, 04:35

    Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

    Отурумда өкмөт менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол компаниясынын ортосундагы Инвестициялык макулдашуу каралды.

    Натыйжада тиешелүү министрликтерге, комитеттерге, административдик мекемелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана уюмдарга тапшырмалар берилип, мекемелер аралык комиссиянын иш процессинде пайда болгон маселелерди өз убагында сапаттуу чечүү жүктөлдү.


    Читать похожее

    • 21.08.2024, 01:44:10
    • 19.08.2024, 22:35:18
    • 08.07.2024, 00:30:21
    • 01.07.2024, 04:25:36