akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.03.2022, 08:40

    Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан социалдык объектинин жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, “Биримдик-Кут” конушунун башкы планында мектептин орду катары көрсөтүлгөн жер тилкеси үчүнчү тараптын жеке кызыкчылыгында коммерциялык багытта иштетилип келгендиги аныкталган.

    Социалдык объектинин жерин мамлекетке кайтаруу максатында, райондук көзөмөл органы прокурордук акты келтирип, анын негизинде 58 млн 175 миң сомдук 1,79 га жер аянты, Лебединовка айыл өкмөтүнө кайтарылып, учурда муниципалдык мектеп куруу пландаштырылууда.


    Читать похожее

    • 20.08.2024, 00:55:06
    • 10.04.2022, 21:00:12
    • 04.04.2022, 23:55:30
    • 30.03.2022, 03:20:24