Опубликовано
01.09.2020, 04:45Пандемиянын алгачкы күндөрүнөн тарта каржы институттар мамлекетке жалпысынан 01 млн сом өлчөмүндө жардам көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Кыргызстандагы банктардын Союзунун басма сөз кызматы кабарлады.
[news 27557]
Белгиленгендей, жардамдын ичине Финансы министрлиги жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинде ачылган атайын эсепке которулган каражат дагы кирет. Андан сырткары, финансы уюмдар Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөргө дагы каржы жагыан жардам көрсөтүшкөн.
«Банк сектору кыргызстандыктарга алгачкы карантин башталган күндөн тарта өз жардамын көрсөтө баштады. Насыя каникулдары берилип, атүгүл аны төлөө үчүн бир катар ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилди. Тилекке каршы, пандемия маалы биздин бул жугуштуу ооруга даяр эмес экенибизди көрөттү. Муну менен катар каржы секторлору республиканын медиктерине жана жарандарга бардык жактан жардам берүүнү демилгелеп жатты», — деп белгиледи Кыргызстандын банктар Союзунун президенти Анвар Абдраев.