Опубликовано
07.10.2020, 08:105-6-октябрдагы башаламандыкта бир канча банкоматтар талап-тонолуп, айрым банктар талкаланган. Бул тууралуу сүрөт-видео материалдар социалдык тармакта кеңири жайылып жатат.
[news 28663]
Буга ылайык, социалдык тармактарда банкоматтар, банктар күч түзүмдөрү тарабынан күчөтүлгөн коргоого алынышы керектиги туралуу билдирүүлөр таркаган. Бирок, банктар Союзунун жетекчиси Анвар Абдраевдин айтымына караганда, ага каржы уюмдары тарабынан талап-тоноочулуктун алдын алуу үчүн жардам көрсөтүү тууралуу официалдуу кайрылуу келип түшө элек.
«Мен ММКдагы маалыматтарга комментарий бере албайм. Себеби, бизге азырынча бир дагы коммерциялык банктан официалдуу түрдө кайрылуу түшө элек. Бирок, кечээки финансы-насыя уюмдарынын өкүлдөрүнүн жыйынында күч органдары тарабынан банктын объектилерин коргооого алуу боюнча чечим кабыл алынган экен», - деп билдирди Абдраев.