akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    24.07.2024, 03:51

    “КРнын Жарандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга ылайык, ишкана, фирма жана компаниялардын аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди жана аныктамаларды пайдаланууга тыюу салынат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

    Бул мыйзам долбоорун 27-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

    "Жарандык кодекстин 89-беренесинин 1-бөлүгү “диний коммерциялык эмес уюмдарды, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди, аныктамаларды колдонууга жол берилбейт”, - деген ченем менен толукталат.

    Диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер, аныктамалардын тизмесин жана аларды пайдалануу тартибин Министрлер кабинети бекитет.


    Читать похожее

    • 23.07.2024, 21:51:28