akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    01.07.2020, 10:30

    Бишкекте коомдук унаалардын ишине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

    [news 25518]

    Анын айтымында, коомдук унаалар иш кундөрү түшкү маал тыныгуу менен иштеп, дем алыш күндөрү такыр ишке чыкпайт.

    «Коомдук унаалар – троллейбус, автобус жана кичи автобустар эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин иштеп, саат 10:00дөн 17:00гө чейин тыным алышат. Андан кийин 17:00дөн кечки 21:00гө чейин иштешет. Ишемби жана жекшемби күндөрү каттамга чыгышпайт», - деди ал.