Опубликовано
23.11.2020, 09:30Америкалык аналитиктер, коронавируска каршы вакцина пайда болсо, доллардын наркы кийинки жылы төмөндөрүн билдиришүүдө. Себеби, дүйнөлүк экономика бекемделет, - деп билдирди Financial Times басылмасы.
[news 30193]
Долларга болгон талап стресс маалында күчөйт. Буга коронавирус күчөп турган убакта доллардын наркы көтөрүлүп кеткени далил.
«Коронавируска каршы вакцинанын жайылышы, доллардын 2000-жылдардын башынан орто ченине чейинки абалга келишине шарт түзөт», - деп билдирген аналитиктердин бири.
Кошумчалай кетсек, Bloomberg түзгөн консенус-прогноздорго ылайык, инвесторлор кийинки жылдын аягында доллардын индекси, азыркы деңгээлге салыштырмалуу 3% түшөт.