Опубликовано
11.05.2023, 05:30Кыргызстанда курулушу жүрүп жаткан социалдык объектилерге видеобайкоо орнотулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда 240 соцобъектинин 97сине камералар коюлду. Анын алкагында курулуш иштеринин жүрүшү көзөмөлдөнүүдө.
Видеотрансляцияны толук жана жеткиликтүү камсыздоо максатында өкмөт санариптик онлайн-карта да иштеп чыккан. Бүгүнкү күндө ага Чүй, Ош, Нарын жана Талас облустары боюнча 28 объект кошулду.