akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    18.06.2024, 04:52

    2024-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанга чет өлкөдөн 116,1 млн долларлык 248,5 миң тоннага жакын бензин алынып келинген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

    Бул 2023-жылга салыштырмалуу 118 миң тоннага (+90%) жана 71,2 млн долларга (+159%) көп.

    Быйыл төрт айда Кыргызстанга эң көп Орусиядан 247,5 миң тоннадан ашык, же 115,8 млн долларга бензин ташылган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 141,5 миң тоннага (+133%) жана 79,9 млн долларга (+223%) көп.

    Коңшу Казакстандан бензин импорту бул мезгилде бир топ кыскарган, тактап айтканда 0,9 миң тоннага чейин 0,3 млн долларга азайган. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 20,9 миң тоннага (-96%) жана 7,7 млн ​​долларга (-96%) аз.


    Читать похожее