Опубликовано
22.08.2024, 05:452024-жылдын январь-июль айлары үчүн Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 5 млрд 685,2 млн сом өлчөмүндө салыктардын кем эсептелген (жашыруун) суммасы кошумча чегерилген.
Ведомстводон билдиришкендей, кызматтык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 3 млрд 656,9 млн сомдук салыктык мыйзам бузуулар, жеринде текшерүүнүн жүрүшүндө 2 млрд 28,8 млн сомдук салыктык мыйзам бузуулар аныкталган.
Ошондой эле, салыктык текшерүүнүн материалдарынан түшүүлөр (өткөн мезгилдердеги актылар боюнча төлөмдөрдү кошкондо) 3 млрд 809 млн сомду түздү.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 7 айында укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы тарабынан бюджетке 462,7 млн сом өлчөмүндө салыктын кем (жашыруун) суммасы кошумча чегерилген.