Опубликовано
03.05.2024, 05:312024-жылдын январь-март айларына карата 84 миң адам жумушсуз катары расмий каттоодо турат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул 2023-жылга салыштырмалуу 17 пайызга аз. Былтыры бул мезгилде 61 мин адам мамлекеттик иш менен камсыздоо органдарына катталган.
84 миң жарандын 44,7 пайызы аялдар.
Ал эми Статкомдун маалыматында, өлкөдө жашоо минимуму 7 миң 769 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 3,6 пайызга өстү.