akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    20.12.2023, 11:30

    Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоо үчүн Венгриядан 400 миң долларга жабдуулар алынган. Бул тууралуу маалымат жыйында экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.

    Каражат Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыя линиясы боюнча бөлүнгөн.

    Ошондой эле, быйылкы жылдын август айында Каржы министрлиги бюджеттен 1 млрд сом бөлүп, ага банка жана бөтөлкө түрүндөгү айнек идиштерди өндүрүү үчүн жабдууларды сатып алуу, ошондой эле эритүүчү мешти реконструкциялоо пландаштырылган.

    Белгилеп кетсек, Энергетика министрлиги коомдук талкууга Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун алып чыгып, анда аталган ишканада энергияны үнөмдөөчү жабдууларды чыгарууну ишке киргизүү сунушталган.