Опубликовано
27.12.2023, 06:15Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкандардан 30 миң 380 тонна аштык буудай сатып алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сатылып алынган буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн эмес жана илешкектиги 23% кем эмес.
Белгиленгендей, ушуну менен быйылкы жылга сатып алуу иштери аяктады.