akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    18.06.2024, 08:10

    Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлердин баары мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

    Ал 5-10 адам миллиондогон элдин байлыгын басып, азыр байып жатышканын айтып, байлар тартипке салынарын эскертти.

    "Мамлекеттик бир метр жерин шылуундарга карматпашыбыз керек. Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлердин баарын кайра мамлекетке алып, тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. 5-10 адам миллиондогон адамдардын байлагын басып алышкан, алардын барын кайтарышыбыз керек. Мисалы, Жалал-Абадда үч чоң базаны мамлекеттин менчигине алдык. Кайтарылган жерлерге мектеп, ипотекалык үйлөрдү курууну пландап жатабыз. Мунун баарын ээлеп алып, 30 жылдан бери байып жүрүшкөн. Алар эле эмес элдин баары байышы керек", - деди ал.