akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    04.07.2024, 12:00

    Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен шаардык мэриясына текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен айыл чарба жерлерин аныктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    Белгилеп кетсек, аталган мэриянын тийиштүү кызмат адамдары “Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө” №145 мыйзамынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен 53 жаранга 600 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин жер тилкелерин жеке менчикке берип жиберишкен.

    Мындан сырткары, КРнын 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону” негиз кылып, айыл чарбасына жарактуу бир канча жер тилкелерин жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган.

    Материалдар укуктук баа берүү үчүн Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилди.


    Читать похожее

    • 04.07.2024, 06:00:55
    • 03.07.2024, 05:45:01
    • 26.03.2024, 00:00:25