akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    08.08.2024, 09:45

    Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Улуу Британиянын бир катар шаарларына барбоого чакырды. Бул аталган өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу.

    Маалыматка ылайык, министрлик аталган өлкөнүн бир катар аймактарында кырдаал курчуп кеткендигине байланыштуу Кыргызстандын жарандарына Ротерхэм, Болтон, Блэкпул, Халл, Бристоль, Сток-он-Трент, Белфаст жана шаардын чет жагында жайгашкан Манчестер жана Ливерпулга баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт.

    “Учурда аталган аймактарда жүргөн Кыргызстандын жарандары күчөтүлгөн коопсуздук чараларын сактоого, кыраакылыкка жана этият болууга, эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартууга жана акыркы жаңылыктарга көз салууга тийиш”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее