Опубликовано
24.08.2020, 11:30Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар санаториялык-курорттук дарылануу үчүн берилген жолдомонун ордуна акчалай жөлөкпул ала алышат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
[news 27293]
Анын айтымында жолдомонун ордуна акча төлөө төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- Биринчи топтогу майыптар үчүн: беш жылда бир жолу - бекитилген сумманын 100%ы; Биринчи топтогу майыптыгы бар жаранды коштоп жүргөн адамга медициналык көрсөтмөлөргө ылайык бекитилген сумманын 50%ы;
- Экинчи топтогу майыптар үчүн: беш жылда бир жолу - бекитилген сумманын 50%ы;
- Үчүнчү топтогу майыптар үчүн: беш жылда бир жолу - бекитилген сумманын 30%ы.
«Төлөнө турган каражаттын өлчөмүн аныктоо ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын чечиминин негизинде Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген жолдомонун орточо баасын эсепке алуу менен жүргүзүлөт жана ыргайым укуктуу орган тарабынан бекитилет», - деди ал.