Опубликовано
09.02.2024, 06:25Нарын облусундагы милиция бөлүмдөрүнө 10 кызматтык унаа ташырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Нива” үлгүсүндөгү унаалар “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” форумунун алкагында, милиция бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөө сапатын жакшыртуу максатында берилген.