Опубликовано
13.02.2024, 03:45Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү сейил бак реконструкцияланып, панорамалык аттракцион коюу пландалууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Панораманы курууга 47 млн сом жумшалат. Ал өзүн 5 жылда актайт деген болжолдонууда.
“Панорамалык аттракцион шаардын көркүнө көрк кошуу менен бирге элге эс алуу тартуулап, бюджетке киреше алып келе турган жай болот”, - деп белгиленет маалыматта.
Белгиленгендей, бул облус жетекчиси Алтынбек Эргешов демилгелеген "Нарын - реновация" креативдүү долбоорунун бир бөлүгү.