Опубликовано
14.10.2021, 10:30Ош облусунун Ноокат районунда быйыл алманын баасы түрүнө карап 35 сомдон 70 сомго чейин сатылууда. Бул тууралуу “Акчабарга” Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Былтыркы жылдын ушул мезгилинде алманын баасы 15 сомдон 25 сомго чейин сатылган.
“Быйыл алмага талап күч. Алмалар сортуна карап ички базарда сатылат жана Орусияга экспорттолот”, - деп билдирди Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Мухаммедкалый Турдуев.
Ноокат району боюнча үч миң 150 гектар аянтка алма эгилет.