akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Бишкек мэриясы

    Опубликовано

    02.12.2020, 04:20

    Социалдык маанидеги азык-түлүктүн минималдуу баада калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

    [news 30484]

    «Социалдык маанидеги товарлардын баасынын кескин көтөрүлүп кетиши Бишкектин көпчүлүк жашоочуларына күтүүсүз болду. Азыр биздин алдыбызда негизги милдет турат – азык-түлүк инфляциясын турукташтыруу.

    Бул үчүн дыйкандарды, даяр продукция өндүрүүчүлөрдү жана ири импортерлорду тартуу менен бир жуманын ичинде борбордун ар бир районунда айыл чарба жарманкесин уюштуруу маселесин чечүүнү тапшырам. Өз кезегинде дыйкандар жана ишкерлер товарларын жарманкелерде дүң баада, үстөксүз сатууга даяр. Ири соода борборлору дагы өз аймагынан жарманке уюштурууга орун бөлүп берүүгө даяр экендигин билдиришти», – деп белгиледи Артем Новиков.

    Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев муниципалитеттин жарманкелерди уюштурууга даярдыгы, ага 200гө жакын өндүрүүчүлөр катышуу ниетин билдиргени жөнүндө маалымат берди.

    Премьер-министрдин м.а. Бишкек шаарында экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнүн жандануусуна байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышын көзөмөлдөө зарылдыгына көңүл бурду.

    «Өкмөттүн чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө жана экономиканын айрым тармактарынын ишин жандандыруу боюнча чечимдерди кабыл алуу боюнча кошумча ыйгарым укуктар берилди. Бүгүнтөн баштап борбор калаада кинотеатрлар, фуд-корттор жана компьютердик клубдар иштей баштады. Туруп калган бизнестин кайрадан ишинин жанданышы жакшы. Бирок кырдаалды көзөмөлдөп туруш керек. Айрыкча жаңы жыл майрамдарынын жана шайлоонун алдында. Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жана COVID-19 оорусунун көбөйүшүнө жол бербөө керек», – деди Новиков.

    Жолугушуунун жүрүшүндө экологиялык кырдаал жана экономикалык абалды жакшыртуу боюнча чаралар, Бишкек шаарынын бардык инфраструктуралык объектилеринин күз-кыш мезгилинде борбор калаанын калкын жана чарбалык субъектилерди жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга даярдыгы, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.


    Читать похожее