akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    07.04.2021, 04:00

    2020-жылдын жыйынтыгы менен «Оптима Банк» 797 млн 84 миң сом киреше тапкан. Бул тууралуу 30-мартта өткөн жалпы жылдык жыйында маалым болду.

    [news 31157]

    Жалпы добуш берүүдө акционерлер таза кирешени бөлүштүрбөөнү чечишти.

    «Мыйзам жана ченемдик талаптарды сактоо, ошондой эле бизнести андан ары өнүктүрүү максатында түшкөн таза кирешенин көлөмү 797 млн 84 миң сомду түздү. 2020-жылдын жыйынтыгы менен дивиденддерди бөлүштүрбөө, жарыялабоо жана төлөбөө чечими кабыл алынды», — деп билдиришти банктан.

    Эске сала кетсек, 2021-жылдын январь айынан тарта банктын башкаруу тармагында кадрдык өзгөрүүлөр болгон. Казакстандык Jýsan Банкы 2020-жылдын аягында «Оптима Банкка» караштуу АТФ Банктын 99.76% акциясын ээлеген.