Опубликовано
06.05.2024, 04:50Орус өкмөтү өлкөдөн камыш жана кызылча кантын, ошондой эле химиялык таза сахарозаны экспорттоого убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.
Чектөөлөр 2024-жылдын 31-августуна чейин күчүндө болот. Ал ички азык-түлүк рыногунун туруктуулугун сактоого багытталган.
Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрү үчүн өзгөчөлүк болду.
Бул аралыкта Орусиядан Казакстанга 120 миң тонна, Кыргызстанга 28,5 миң тонна, Арменияга 28 миң тонна, Беларусияга 5 миң тонна кумшекер экспорттоого уруксат берилген.