Опубликовано
27.08.2021, 06:00Эгемендүүлүктүн 30-жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында 31-август күнү Ош шаарында айыл-чарба жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, саамалык борбордук аянтында өтөт.
“Жарманкеде ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарлары сатылат. Негизинен кондитердик жана сүт азыктары коюлат. Баалар шаардыктар үчүн ыңгайлуу болоорун монополияга каршы агенттик өзү текшерип турат. Албетте, шаар тургундары товарларды башка күндөргө салыштырмалуу арзан баада ала алышат”, - деди мэриянын экономика бөлүмүнүн адиси Умида Шамшиева.
Айыл-чарба жарманкесин улай сатууга кол өнөрчүлөрдүн буюмдары да чыгарылат.