Опубликовано
04.08.2021, 06:30Ош облусу боюнча чакан ишкердикти жүргүзгөндөргө быйыл 72 миң 356 даана патент берилди. Анын суммасы 125,3 миллион сомду түздү. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.
Патент алгандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 19 миң 500дөн ашкан. Ал эми патенттен түшкөн каражат 42,9 миллион сомго көбөйгөн.
Патенттин негизинде ишкердикти баштаган кичи жана орто ишкана ээлери тарабынан чыгарылган өнөр-жай продукцияларынын суммасы Ош облусу боюнча 1657,9 миллион сомду түздү. Чакан ишкердиктен өндүрүлгөн продукциялардын өсүү темпи 120,5 %ды түздү.