Опубликовано
14.03.2024, 03:00Пакистандын Лахор шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Бул саамалык эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын деңгээлин жогорулатууга жана кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого чоң салым кошоору белгиленди.