akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    25.11.2020, 03:50

    Пандемиядан бери алгачкы жолу Brent маркасындагы мунайдын бир баррелге болгон баасы 48 доллардан жогорулады. Белгилей кетүүчү нерсе, бул үстүбүздөгү жылдын март айынан берки, ОПЕК өлөлөрүнүн мунай казуу боюнча келишими үзүлгөндөн берки максималдуу көрсөткүч.

    [news 30227]

    Өз кезегинде WTI мунайынын бир баррелге болгон баасы 45 доллардан жогорулады.

    Bloomberg порталы билдиргендей, баанын өсүшү коронавируска каршы вакцинанын иштелип чыгышы жана Азияда мунайга болгон талаптын жогорулашы менен байланыштуу.

    «Өлкөнүн бул региондогу экономикасы башкаларга салыштырмалуу тезирээк өнүгүүдө. Кытайда авиарейстер жанданып, авиакеросинге болгон баанын саны өсүп жатат», — деп билдирет басылма.


    Читать похожее