Опубликовано
26.09.2019, 11:35КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ыкчам башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азамат Мамбеталиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 24 – ноябрга чейин киргизилди.
Ал мыйзамсыз акча каражатын алып жаткан жерден кармалган.
Маалыматка ылайык, аны менен катар дагы бир жаран 24-сентябрь күнү саат 16:30дар чамасында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын имаратынын жанында кармалышкан.
Маалымат булактарына ылайык, кармалган мамлекеттик кызматкерлер Казакстандан келген оор жүк ташуучу унаанын айдоочусунан пара талап кылышкан.