Социалдык фонд ушул ай үчүн пенсия кайсы мекемелер аркылуу төлөнүп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, төлөмдөр төмөнкү мекемелерде жүргүзүлөт.
- жашаган жери боюнча “Кыргыз почтасы” ААКтын почта бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жеткирүү жолу менен;
- Социалдык фонд менен республиканын коммерциялык банктарынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде пенсионерлердин банк мекемелериндеги карттык эсептерине чегерүү жолу менен;
- почталык которуулар аркылуу.