akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    30.05.2024, 09:00

    Өлкө башчы Садыр Жапаров өлкөдө жумушчулар жетишпей жаткандыгы боюнча билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

    Анын айтымында, өлкө боюнча жумушчу күч жетишпей жатканына байланыштуу акыркы эки жылдан бери жигердүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компанияларынын иши токтой баштады.

    "Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда”, - деп жазган ал.

    Президент жумуш таппай жүргөн жарандардын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылуу керектигин белгилеген.

    “Эмгек акылардын көлөмү 20-30 миң сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот)", - деп билдирген президент.


    Читать похожее

    • 30.05.2024, 03:00:39