akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    02.11.2020, 04:30

    Оренбург облусуна бир жума ичинде Кыргызстандан бара жаткан 78.5 тонна кургак жемиш, күруч, арахис жана ит мурун киргизилген жок. Бул тууралуу Россия айыл-чарба көзөмөлдөө кызматынын башкы сайтында маалымдалат.

    [news 29592]

    Продукцияларды текшерүү учурунда сертификаттар жараксыз деп табылган.

    Андан сырткары, рис жана арахистин сапаты жана коопсуздугу боюнча документтер жок болгон.

    Кошумчалай кетсек, токтотулган жүк кайра артка жиберилген, ал эми жүк ташуучу админстративдик жооп ко тартылган.