akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: КР Өкмөтү

    Опубликовано

    25.02.2021, 04:15

    Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 100 миң ПЦР-тест берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

    [news 30319]

    Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Роспотребнадзордун жетекчиси А. Попова менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгынын негизинде, Кыргыз тарабына гуманитардык жардам катары COVID-19 ооруусун аныктоого 1100 миң ПЦР-тест жабдыктары берилди.

    Гуманитардык жүк Роспотребнадзордун Борбордук илимий изилдөө институту тарабынан Кыргызстандын Россиядагы элчилигине берилди. Аталган гуманитардык жүк Кыргызстанга бүгүн, 25-февралда жөнөтүлөт.


    Читать похожее

    • 24.02.2021, 22:15:33
    • 22.12.2020, 22:20:52
    • 17.12.2020, 22:00:01
    • 25.11.2020, 21:05:27