Опубликовано
02.07.2024, 04:11Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалыматка ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Азис Сапаралиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Эскерте кетсек, 2016-жылы Сапаралиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.