Опубликовано
17.03.2020, 06:00Жакынкы күндөрү Сауд Арабия 20 чоң мамлекеттер менен бирге короновирус илдетинин жайылышынан улам тез арада жыйын өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ТАСС порталы Испаниянын премьер-министри Педро Санчесанын маалымат кызматыны таянуу менен билдирди.
«Ушул эле күнү өкмөттүн өкүлү Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед Бен Сальман (Аль Сауд) менен G20 (20 мамлекет) өкүлү катары телефондон сүйлөшүү жүргүздү. Санчес мураскер ханзаадага, коронавирустан улам дүйнөлүк 20 чоң мамлекетти (G20) глобалдык башкарууга алуу керек экендигин айтты. Дүйнөлүк коомчулукка, дүйнөлүк лидерлер коронавируска каршы турганын көргөзүү керек», — деп билдирди басма сөз кызматы.
Буга чейин дайындалган саммит G20 жеке лидерлерисиз өтө турмай болду.