Опубликовано
11.06.2024, 03:40Бүгүнтөн тарта Шенген өлкөлөрүнүн визасы үчүн консулдук жыйымдар жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ага ылайык, виза үчүн 90 евро алынат, ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки балдардын консулдук жыйымы 45 евро турат.
Мындан тышкары, Евробиримдикке мүчө Болгария менен Румыния 1-апрелден тарта үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына кыска мөөнөттүү Шенген визасын берип жатканы кабарланды.