Опубликовано
21.04.2022, 11:01Кыргызстандын Улуттук банкы 22-апрелге карата валюталардын курсун жарыялады. Такталган маалыматтарга караганда, сомдун курсу бардык негизги валюталарга карата бекемделди.
Баарынан да рубль сомго карата 4,94%га төмөндөп, бир рублдин баасы 0,9759 сомду түздү. Теңге 2,69%га алсызданып, 0,1810 сомго бааланды. АКШ доллары сомго карата 2,66%га арзандап, 80,3641 сомду түздү. Ал эми евро бир күн ичинде 1,91%га арзандап, 87,7938 сомго бааланды.
Белгилей кетсек, коммерциялык банктарда жана акыча алмаштыруучу жайларда доллар 83-86 сом жана рубль 0,9 – 1,08 сом деңгээлинде белгиленген.