akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    07.06.2024, 06:20

    Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Санкт-Петербургдун Соода-өнөр жай палатасы бирикмеси кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

    Макулдашууга Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев жана Санкт-Петербург шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын бирлигинин жетекчиси Владимир Катенев кол коюшту.

    Тараптар өз ара соода-экономикалык жана илимий-техникалык байланыштарды кеңейтүү боюнча макулдашышты. Макулдашуунун алкагында Санкт-Петербургдун, КРнын уюмдарына жана ишкерлерине өнөктөш табуу, соода миссияларын уюштуруу, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди уюштуруу жана башка иш-чараларга катышууга көмөк көрсөтүлөт.

    Мындан тышкары, Санкт-Петербург шаарында КРнын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүн ачуу пландалууда.