Опубликовано
07.08.2024, 04:30Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында Батырбашиев атындагы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги билдирди.
Белгиленгендей, мектептин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштери “Бек-Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Долбоор боюнча мектеп төрт блоктон турат, эки кабаттуу 375 окуучуга ылайыкталган окуу корпустар, спорттук зал, өтмө галерея. Объекттин жалпы аянты 2 миң 859 чарчы метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө, курулуш-монтаждоо иштери 96%га бүткөрүлдү, учурда спорттук залдын ички жумуштары аткарылууда.