Опубликовано
13.10.2023, 10:25Талас облусунда сегиз жылдан бери иштеп келе жаткан микрокредиттик компания жабылды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Аталган компания 2015-жылы иштеп баштаган “Байзаман” компаниясы.
“Бул катышуучулардын 2023-жылдын 12-октябрынан тартып ыктыярдуу жоюу жөнүндө чечимине байланыштуу. ЖЧКнын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк жокко чыгарылды”, — деп белгилейт Улуттук банк.
Ишкана Талас шаарында, Манас, 122/2. көчөсүндө жайгашкан.