Опубликовано
11.01.2024, 05:40Кыргызстандыктар темир кошулмаларын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) аркылуу 50%га чейин арзандатуу менен сатып ала алышат. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Фонддун айтымында, Кыргызстанда 6 айдан 5 жашка чейинки балдардын 47%ы темирдин жетишсиздигинен жабыркап, алардын физикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.
Балдарда аз кандуулуктан (анемиядан) улам өнөкөт оорулардын жана татаалдашуулардын өнүгүшүнө жол бербөө үчүн ММК Фонду ата-энелерге каттоодо турган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылууну, анын ичинде кандын жалпы анализин (көрсөтүлгөн болсо) акысыз текшерүүнү жана электрондук рецепт алууну сунуштайт.
50% чейин арзандатуу менен кээ бир дары-дармектерди сатып алуу үчүн ата-энелер эмнеге көңүл бурушу керек?
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун рецепти менен кандай темир кошулмаларын сатып алса болот?
Ферсинол, литофер, орофер, феррум лек, феррум биовит, феррус-S, феррокси, ферроцид, аджифер-Х, аскофер, неоглобин, сириглобин, тардиферон, феррифол мите, гино-тардиферон, ферретаб, феррус-С, гино-феррум, серофер-Ф, фиоре-Ф, феррифол и литофер плюс.
Кандай шарттарда дары-дармектерге арзандатуу болот?
1. 16 жашка чейинки балдар, анын ичинде 18 жашка чейинки окуучулар - балдардын бул категориясы Кыргызстандын камсыздандырылган жарандарына кирет.
2. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана үй-бүлөлүк дарыгерлер группасында болуу.
3. Үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылып, электрондук рецепт жазыңыз.
4. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим түзгөн жеке дарыканаларга кайрылыңыз (дары-дармектердин жана дарыканалардын тизмеси http://foms.kg/ сайтында “Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо” бөлүгүндө көрсөтүлгөн.
“Медициналык кызматтардын түрлөрү, алардын баасы жана дүмүрчөктөрү тууралуу маалыматты ММКнын мобилдик тиркемесин жүктөп алуу же ММК фондунун 113 күнү-түнү иштеген ишеним телефону боюнча (дем алыш күндөрүнөн тышкары) билсе болот. Чалуулар акысыз”, - деп айтылат билдирүүдө.