Опубликовано
12.11.2020, 04:50Финансы министрлигинин Борбордук казыналык жана валюталык эсебине Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн атайын эсеп ачылат. Бул тууралуу финансы министрлигинин сайтында маалымдалат.
[news 29910]
Эсепке тышкы карызды төлөөгө жардамдашууну каалаган бардык юридикалык жана физикалык жактар каражат которо алышат.
Коммерциялык банктарга атайын эсепке акча которгондордон комиссия албоо сунушу берилет.
Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоору официалдуу маалымат берилген соң күчүнө кирет.